31 250 000 сом байге фонду: X2 LOTO өзүнүн ишмердүүлүгү жана социалдык долбоорлору тууралуу айтып берди

X2 LOTO компаниясынын ишке кириши Кыргызстандын мамлекеттик лотерея тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды: алгачкы жолу улуттук лотерея «КЫРГЫЗЛОТО» Мамлекеттик лотерея компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн заманбап онлайн-форматка ээ болду.
Долбоор мамлекеттик лотереяларга катышууну өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн ыңгайлуу, заманбап жана жеткиликтүү кылуу максатында түзүлгөн. Эми билет сатып алып, лотереяга Кыргызстандын каалаган жеринен жана дүйнөнүн каалаган бурчунан толугу менен онлайн, каалаган убакта катышууга болот.
Кыргызстандагы эң ири онлайн-лотерея
X2 LOTOнун жалпы байге фонду 31 250 000 сомду түзөт. Бул көрсөткүч боюнча долбоор Кыргызстандагы байге фонду эң чоң онлайн-лотерея болуп саналат.
Платформада түшүнүктүү эрежелери жана ыңгайлуу санариптик форматы бар ар кандай онлайн-лотереялар сунушталган. Колдонуучулар оюндар менен таанышып, алардын шарттарын изилдеп, катышуудан мурда демо-версияларын сынап көрө алышат.

Социалдык миссиясы бар лотерея
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик лотереялар көңүл ачуунун бир түрү гана болбостон, коом үчүн маанилүү болгон демилгелерди колдоонун да маанилүү куралы болуп саналат. Лотерея ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешенин бир бөлүгү социалдык, маданий, спорттук жана коомго пайда алып келген башка долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталат.
X2 LOTO дагы ушул принципке ылайык өнүгүп жатат. Мыйзамда белгиленген тартипте ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин бир бөлүгү социалдык программаларга жана демилгелерге багытталат.
Мындан тышкары, X2 LOTO адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга, улуттук салттарды колдоого, спортту жайылтууга жана коом менен Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү болгон демилгелерди ишке ашырууга багытталган өзүнүн кайрымдуулук жана социалдык долбоорлорун өнүктүрүүнү карап жатат.
X2 LOTOдо заманбап улуттук лотерея санариптик сервистин ыңгайлуулугун кеңири социалдык ролу — коомго пайда алып келген демилгелерди колдоо менен айкалыштырышы керек деп ишенишет.
Эмне үчүн X2 LOTO ишенимдүү?
X2 LOTO — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лотереяларынын оператору. Бул лотереяларды «КЫРГЫЗЛОТО» Мамлекеттик лотерея компаниясы мамлекеттик ишканасы уюштурат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык иш алып барат, ал эми колдонулган технологиялык чечимдер көз карандысыз эл аралык текшерүүдөн өтөт.
Платформанын ишенимдүүлүгүн Trisigma жана GLI эл аралык лабораторияларынын сертификаттары кошумча ырастайт: алар программалык камсыздоонун ачык-айкындуулук, калыстык жана коопсуздук боюнча дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келерин тастыктайт.
Катышуунун заманбап форматы
X2 LOTO Кыргызстан үчүн жаңы болгон мамлекеттик лотереяларга катышуу форматын — заманбап, ачык-айкын жана онлайн жеткиликтүү форматты калыптандырууну улантууда. Долбоор ири байге фондун, ыңгайлуу санариптик технологияларды, эл аралык ишенимдүүлүк стандарттарын жана социалдык жоопкерчиликти айкалыштырып, көңүл ачуу менен катар коомго пайда алып келүүгө багытталган улуттук лотерея платформасын түзүүдө.
18+. Лотерея — бул көңүл ачуу, киреше табуунун жолу эмес. Жоопкерчилик менен катышыңыз.
