Ушул Эрежелер X2 LOTO'нун катталган колдонуучуларынын арасында өткөрүлүүчү «MMA турнирине партерге билеттер» жарнамалык акциясын (мындан ары — «Акция») өткөрүүнүн тартибин, ордун жана мөөнөттөрүн аныктайт.
Акция «Х2» ЖЧКсы (мындан ары — «Уюштуруучу») тарабынан өткөрүлөт.
Акция X2 LOTO'нун таанымалдыгын жогорулатууга, катталган колдонуучулардын кызыгуусун жана лоялдуулугун арттырууга багытталган жарнамалык жана маркетингдик максаттарда өткөрүлөт.
1. Акцияга катышуу шарттары
1.1. Акция Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.
1.2. Акцияга катышуу мөөнөтү: ушул Эрежелер расмий жарыяланган күндөн тартып, Уюштуруучу 2026-жылдын 11-сентябрында, Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу башталганга чейин Катышуучулардын акыркы тизмесин түзгөн учурга чейин.
1.3. Акциянын Катышуучулары болуп ушул Эрежелердин талаптарына жооп берген, X2 LOTO'до катталган жана верификациядан өткөн колдонуучулар автоматтык түрдө эсептелет.
1.4. Акциянын Катышуучулары болуп 2026-жылдын 11-сентябрында Уюштуруучу Катышуучулардын акыркы тизмесин түзгөн учурга карата X2 LOTO аккаунтунун тарыхында бир операция менен колдонуучунун балансын 300 (үч жүз) сомдон кем эмес суммага жок дегенде бир жолу ийгиликтүү толуктаган операциясы бар, катталган жана верификациядан өткөн X2 LOTO колдонуучулары автоматтык түрдө эсептелет.
1.5. Колдонуучунун балансын толуктоо X2 LOTO сервисин пайдалануунун алкагындагы колдонуучунун кадимки операциясы болуп саналат, товарды же кызматты сатып алуу болуп эсептелбейт жана Акцияга катышуу үчүн төлөм болуп саналбайт. Акцияга катышуу лотереялык билеттерди, башка товарларды же кызматтарды сатып алууну, кошумча төлөм киргизүүнү же башка акы төлөнүүчү аракеттерди жасоону талап кылбайт.
1.6. Тиешелүү толуктоо операциясы ушул Эрежелер жарыяланган күнгө чейин да, андан кийин да жүргүзүлгөн болушу мүмкүн. Кошумча толуктоолор Катышуучуга кошумча артыкчылыктарды бербейт: бир колдонуучу Катышуучулардын акыркы тизмесине бир гана жолу киргизилиши мүмкүн.
1.7. Ушул Эрежелердин 1.3–1.5-пункттарынын шарттарына жооп берген колдонуучу өзүнчө арыз бербестен жана башка кошумча аракеттерди жасабастан Уюштуруучу тарабынан автоматтык түрдө Катышуучулардын тизмесине киргизилет. Катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Колдонуучу 2026-жылдын 11-сентябрында Катышуучулардын акыркы тизмеси түзүлгөнгө чейин каалаган убакта x2.kg сайтында көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу X2 LOTO колдоо кызматына кайрылып, катышуудан баш тартууга укуктуу. Катышуудан баш тартуу колдонуучунун балансына, акча каражаттарын тескөө укугуна жана X2 LOTO сервисин андан ары пайдаланууга таасирин тийгизбейт.
1.8. 2026-жылдын 11-сентябрында, Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу башталганга чейин, Уюштуруучу X2 LOTO эсептик системасынын маалыматтарынын негизинде Катышуучулардын акыркы тизмесин түзөт. Байге алуучуну аныктоо 2026-жылдын 11-сентябрында «Х2 Лото | Кыргызстандагы биринчи онлайн-лотерея» Telegram-каналындагы түз эфирде өткөрүлөт.
2. Акциянын Байгеси
2.1. Акциянын Байгеси 2026-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада өтө турган MMA турнирине партерге 2 (эки) билеттен турган комплект болуп саналат.
2.2. Бир билеттин баасы 7 500 (жети миң беш жүз) сомду түзөт.
Акциянын Байгесинин жалпы баасы 15 000 (он беш миң) сомду түзөт.
2.3. Акциянын алкагында 1 (бир) Байге алуучу аныкталат.
2.4. Байге алуучу жалпы баасы 15 000 (он беш миң) сомду түзгөн MMA турнирине партерге 2 (эки) билеттен турган комплект алат.
2.5. Байге толугу менен бир Байге алуучуга берилет жана 2 (эки) билетти камтыйт.
2.6. Байге акча каражаттарына алмаштырылбайт, акчалай эквивалентте берилбейт жана Байге алуучунун талабы боюнча башка байгеге алмаштырылбайт.
2.7. Ушул Акциянын алкагында Байгени алууга байланыштуу келип чыккан салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө милдетин Уюштуруучу — «Х2» ЖЧКсы өзүнө алат.
3. Акцияны өткөрүү жөнүндө маалымат
3.1. Акция, катышуу шарттары, өткөрүү мөөнөттөрү жана Байге алуучуну аныктоо тартиби жөнүндө маалымат төмөнкү жерлерде жайгаштырылышы мүмкүн:
- X2 LOTO'нун расмий сайтында — x2.kg;
- «Х2 Лото | Кыргызстандагы биринчи онлайн-лотерея» Telegram-каналында;
- X2 LOTO'нун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында;
- Уюштуруучунун жарнамалык жана маалыматтык материалдарында;
- Акцияны илгерилетүү үчүн Уюштуруучу тандаган башка маалыматтык жана жарнамалык аянтчаларда.
3.2. Ушул Эрежелер Акцияны өткөрүү тартибин жөнгө салуучу негизги документ болуп саналат.
4. Акциянын Катышуучулары
4.1. Акциянын Катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, 18 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү, X2 LOTO'до катталган жана верификациядан өткөн, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарына жооп берген жеке жактар автоматтык түрдө эсептелет.
4.2. Уюштуруучунун кызматкерлери жана өкүлдөрү, Уюштуруучу менен аффилирленген жактар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Акцияны уюштурууга жана өткөрүүгө түздөн-түз катышкан башка жактардын кызматкерлери жана өкүлдөрү Акциянын Катышуучулары боло алышпайт.
4.3. Ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген жактар Катышуучулардын тизмесине киргизилбейт жана Байгени алууга талапкер боло алышпайт.
4.4. Акцияга катышууга байланыштуу Катышуучу тарткан бардык чыгымдарды, анын ичинде байланыш, транспорт жана ушул Эрежелерде түздөн-түз каралбаган башка чыгымдарды Катышуучу өз алдынча көтөрөт.
4.5. Катышуучулардын акыркы тизмеси түзүлгөн учурда ушул Эрежелердин 1-бөлүмүнүн шарттарына жооп берген жана ошол учурга чейин катышуудан баш тартпаган колдонуучу Акциянын Катышуучуларынын акыркы тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.
4.6. Акцияга катышуу үчүн лотереялык билеттерди, товарларды же кызматтарды сатып алуу, катышуу үчүн атайын төлөм киргизүү же башка кошумча акы төлөнүүчү аракеттерди жасоо талап кылынбайт.
4.7. Катышуучу X2 LOTO платформасында катталууда жана верификациядан өтүүдө так жана анык жеке жана байланыш маалыматтарын пайдаланууга милдеттүү.
4.8. Уюштуруучу ушул Эрежелердин бузулушу, жалган маалыматтардын берилиши, алдамчылык аракеттер же башка кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган учурда Катышуучуну Акциядан четтетүүгө укуктуу.
5. Байге алуучуну аныктоо тартиби
5.1. 1 (бир) Байге алуучуну аныктоо 2026-жылдын 11-сентябрында ушул Эрежелерге ылайык Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу башталганга чейин Уюштуруучу түзгөн акыркы тизмеге киргизилген Катышуучулардын арасында жүргүзүлөт.
5.2. Акциянын алкагында 1 (бир) Байге алуучу аныкталат.
5.3. Байге алуучу акыркы тизмеге киргизилген бардык Катышуучулардын арасынан аныкталат.
5.4. Байге алуучуну аныктоо тартиби Уюштуруучу тарабынан жол-жобо башталганга чейин жарыяланат жана бардык Катышуучуларга бирдей шарттарда колдонулат.
5.5. Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу реалдуу убакыт режиминде «Х2 Лото | Кыргызстандагы биринчи онлайн-лотерея» Telegram-каналындагы түз эфирде өткөрүлөт.
5.6. Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу Уюштуруучу тарабынан видеого жазылат.
5.7. Байге алуучу 2026-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада өтө турган MMA турнирине партерге 2 (эки) билеттен турган комплект алат.
5.8. Байге алуучу аныкталгандан кийин Байге алуучуну аныктоо жол-жобосу аяктады деп эсептелет.
5.9. Акциянын жыйынтыктары жана Байге алуучу жөнүндө маалымат X2 LOTO'нун расмий сайтында, Уюштуруучунун Telegram-каналында жана/же X2 LOTO'нун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыяланышы мүмкүн.
5.10. Байге алуучу аныкталгандан кийин Уюштуруучунун өкүлдөрү X2 LOTO'до катталууда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу аны менен байланышат.
6. Байгени өткөрүп берүү тартиби
6.1. Байге алуучу аныкталгандан кийин Уюштуруучу ага Байге берилери жөнүндө маалымдоо жана билеттерди өткөрүп берүүнүн тартибин, ордун жана убактысын макулдашуу үчүн байланышат.
6.2. Байге алуучу өзүнүн инсандыгын жана Байгени алууга укугун ырастоо үчүн зарыл болгон маалыматты Уюштуруучуга берүүгө милдеттүү.
6.3. Байге алуучунун инсандыгын ырастоо үчүн Уюштуруучу инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти талап кылууга укуктуу.
6.4. Байге алуучу жалпы баасы 15 000 (он беш миң) сомду түзгөн MMA турнирине партерге 2 (эки) билеттен турган комплект алат.
6.5. 2 (эки) билеттен турган комплект ушул Эрежелерге ылайык аныкталган Байге алуучуга гана өткөрүлүп берилет.
6.6. Байге алуучу Уюштуруучудан Байгенин наркынын акчалай эквивалентин, Байгени алмаштырууну же башка байге берүүнү талап кылууга укуксуз.
6.7. Байге алуучу аныкталгандан кийин Уюштуруучу X2 LOTO'до катталууда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу аны менен байланышат.
Байге алуучу жооп бербеген учурда Уюштуруучу аны менен байланышууга кошумча аракеттерди көрүүгө укуктуу.
6.8. Байгени өткөрүп берүү фактысы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет, ага Байге алуучу жана Уюштуруучунун ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.
6.9. Байгени алууга байланыштуу салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө милдетин Уюштуруучу — «Х2» ЖЧКсы өзүнө алат.
6.10. Байге алуучу турнир өтүүчү жерге жетүү, транспорт, жашоо, тамактануу жана ушул Эрежелерде түздөн-түз каралбаган башка кошумча чыгымдарды өз алдынча көтөрөт.
7. Жеке маалыматтар
7.1. Акцияны өткөрүү максатында Уюштуруучу X2 LOTO'нун катталган колдонуучулары тарабынан катталууда жана верификациядан өтүүдө мурда берилген жана мыйзамдуу негиздерде иштетилип жаткан жеке маалыматтарды катышуу шарттарын текшерүү, Катышуучулардын тизмесин түзүү, Байге алуучуну аныктоо жана Байгени өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон көлөмдө пайдаланат.
Акцияны өткөрүүнүн алкагында төмөнкү жеке маалыматтар иштетилиши мүмкүн:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- туулган күнү;
- байланыш телефон номери;
- электрондук почта дареги;
- катталган колдонуучуну идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар;
- Байгени алуу үчүн берүү зарыл болгон учурда инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары.
7.2. Жеке маалыматтар Уюштуруучу тарабынан Акцияны уюштуруу жана өткөрүү, шарттарга шайкештигин текшерүү, Байге алуучуну аныктоо жана идентификациялоо, аны менен байланышуу, Байгени өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максаттарында гана пайдаланылат.
7.3. Катышуучу катталууда жана верификациядан өтүүдө өзү берген жеке маалыматтардын аныктыгын ырастайт.
7.4. Колдонуучу ушул Эрежелердин 1.7-пунктунда каралган тартипте Акцияга катышуудан баш тартууга укуктуу. Акцияга катышуудан баш тартуу X2 LOTO сервисин пайдалануунун алкагында колдонуучу тарабынан мурда берилген жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдуктардын колдонулушун токтотпойт жана өзгөртпөйт.
7.5. Байгени тапшыруу учурунда фото жана видео тартуу, ошондой эле Байге алуучунун сүрөтүн Уюштуруучунун маалыматтык, жарнамалык жана маркетингдик материалдарында пайдалануу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү макулдук талап кылынса, мындай адамдын макулдугу болгон учурда жүзөгө ашырылат.
8. Жыйынтыктоочу жоболор
8.1. Ушул Эрежелер Уюштуруучунун маалыматтык ресурстарында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат. Колдонуучу Эрежелер менен таанышууга жана 2026-жылдын 11-сентябрында Катышуучулардын акыркы тизмеси түзүлгөнгө чейин 1.7-пунктта каралган тартипте катышуудан баш тартууга укуктуу.
8.2. Уюштуруучу тиешелүү маалыматты өзүнүн расмий маалыматтык ресурстарында жайгаштыруу шарты менен ушул Эрежелерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Мындай өзгөртүүлөр катышуу шарттарын буга чейин аткарган Катышуучулардын абалын начарлатпоого тийиш.
8.3. Ушул Эрежелерде түздөн-түз каралбаган бардык маселелер боюнча Уюштуруучу жана Катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
8.4. Акцияны уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу келип чыккан бардык талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
АКЦИЯГА КАТЫШУУ КОЛДОНУУЧУ ҮЧҮН КОШУМЧА ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖЕ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ ЖАРАТПАЙТ.